«Достук көпүрөсү»: КРдин 700дөн ашуун окуучусу орус тилин фольклор аркылуу үйрөнүүдө

Чолпон-Атада 30-июлда «Достук көпүрөсү: Орусия жана Кыргызстан» эл аралык программасынын экинчи сменасы башталды, деп билдиришти анын уюштуруучулары.

Такталгандай, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 700дөн ашык окуучу катышып жаткан программа 6-августка чейин уланат.

«Орус мозаикасы: боёктор, сөздөр, үндөр» чыгармачыл программасынын алкагында балдар элдик ырлар, частушкалар, бийлер жана театралдык коюлуштар аркылуу орус тили менен таанышышат. Өнөр көрсөтөрдүн алдында катышуучулар мугалимдер менен бирге сөздөрдүн туура айтылышы (произношение), интонация жана ыргактын үстүнөн иштешет, андан соң өздөрүнүн чыгармачыл номерлерин даярдашат.


Интерактивдүү сабактардын жүрүшүндө окуучулар орус элдик ырларын аткарышат, салттуу бийлердин элементтерин өздөштүрүшөт, балалайка, жыгач кашыктар, трещоткалар жана башка элдик аспаптар менен таанышышат. Айрым эпизоддордо ырды бир эле учурда 350гө жакын катышуучу аткарат.

Уюштуруучулар белгилегендей, мындай формат балдарга жаңы сөздөрдү жана сөз айкаштарын жаттап калууга, орусча ишенимдүү сүйлөөгө, тилди сезе билүүсүн өнүктүрүүгө жана эл алдында чыгып сүйлөө коркунучун жеңүүгө жардам берет.


Долбоордун программалык директору Нина Чистякованын айтымында, музыканы, ырларды жана театралдык элементтерди колдонуу тилди үйрөнүүнү кыйла табигый жана кызыктуу кылат.

Экинчи смена Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу «Алтын-Балалык» ден соолукту чыңдоо-реабилитациялык борбору» мамлекеттик мекемесинин базасында өтүүдө. Жалпысынан Кыргызстандагы программанын эки сменасына 1,4 миңдей окуучу катышат.

«Достук көпүрөсү» программасы Орусия Федерациясынын Агартуу министрлигинин колдоосу менен «Менин тарыхым» гуманитардык илимдерди колдоо фонду тарабынан ишке ашырылууда. Кыргызстанда долбоор катары менен үчүнчү жыл өткөрүлүп жатат.

2024-жылдан бери ага дүйнөнүн 30дан ашык өлкөсүнөн 3 миңден ашуун чет элдик балдар катышты. Быйыл программанын эки сменасы «Артек» эл аралык балдар борборунда, экөө — Тажикстанда жана бири — Өзбекстанда өттү.


27-июлда кезектеги смена «Океан» Бүткүл орусиялык балдар борборунда аяктады. Жылдын аягына чейин долбоор Абхазияда жана Арменияда да өтөт, ал эми күзүндө катышуучулардын башын «Смена» Бүткүл орусиялык балдар борборунда бириктирет.
