УКМК: Депутат Эмил Жамгырчиевдин жүргөн жери белгисиз

УКМК: Депутат Эмил Жамгырчиевдин жүргөн жери белгисиз

УКМК тарабынан 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаевдин кесиптеши Эмил Жамгырчиевдин унаасынан жана үйүнөн аудио-видео жаздыруучу жабдыктар табылганы тууралуу сөзүнөн кийин текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, Акаевде депутат Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан качан аудио-видео жазуу жабдыктары табылганы тууралуу маалымат жок экени аныкталган.

«Мындан тышкары, ал жеке өзү сөз болуп жаткан техниканы көргөн эмес. Бул тууралуу ал депутат Эмил Жамгырчиевдин жардамчысы Э.Кадыровдон укканын айтты. Өз кезегинде депутат Эмил Жамгырчиевдин жардамчысы Э.Кадыров бул маалыматты телефон аркылуу Эмил Жамгырчиевден алган. Учурда депутат Эмил Жамгырчиевдин жүргөн жери белгисиз», — деп билдирет УКМК.

УКМК аудио-видео жазуу жабдууларынын табылышы боюнча, бул атайын жабдууларды орнотуунун себебин жана ким тарабынан коюлганын аныктоо, депутат Эмил Жамгырчиевдин таламдарын коргоо үчүн текшерүү жүргүзүүгө даяр экендигин билдирет.

Эскерте кетсек, 26-ноябрда УКМК депутат Эмил Жамгырчиевди кармап кетип, кайра кое берген. Ал депутат кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстанга чыгуу үчүн «Ак-Жол» өткөрмө бекетине барганда, Жамгырчиевдин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынганы белгилүү болгон.

Жогорку Кеңештин 30-ноябрдагы жыйынында депутат Жанар Акаев Эмил Жамгырчиевдин кармалып, кайра кое берилгени, чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салынганы тууралуу маселени көтөрүп, аны Жамгырчиевдин Кемпир-Абад маселеси боюнча каршы добуш бергени менен байланыштырган. Ошондой эле, Акаев буга чейин Эмил Жамгырчиевге колгозуп, сот тарабынан актоо чечими чыккан ишти кайра жандандыруу аракети болуп жатканын айткан. Аны менен бирге, ал Жамгырчиевдин үйү менен унаасынан үн жана видео жаздыруучу жабдык табылганын билдирген.

Жанар Акаев депутат Жамгырчиевге аңдуу болуп жатканын айтты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>