Депутат исламдык камсыздандырууга кыргызча аталыш берүүнү сунуштады
Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Бактыгул Абдыжалиев кадимки камсыздандыруу менен исламдык «Такафул» камсыздандыруусунун айырмасын түшүндүрдү.
Анын айтымында, бул кызматка суроо-талап бар. Такафулдун негизги айырмасы — катышуучулар тобокелдикти камсыздандыруу компаниясына өткөрүп бербестен, бири-бирине жардам берүү жана чыгымдарды чогуу жабуу үчүн жалпы фонд түзүшөт. Мындай система шарияттын негизинде иштеп, исламда тыюу салынган риба, гхарар жана майсир сыяктуу элементтерди камтыбайт.
Абдыжалиевдин айтымында, система өз ара жоопкерчилик принцибине негизделет. Катышуучулар жалпы фондго каражат салып, кийин чыгымдар ошол жерден төлөнөт.
Талкуу учурунда депутат Исманали Жороев исламдык камсыздандыруунун арабча «Такафул» деп аталышына нааразы болду.
Ал эмне үчүн бул кызматка кыргызча ат коюуга болбой турганын сурады. Депутаттын айтымында, мурда ОСАГО деген түшүнүк жөнөкөй эле болсо, эми «Такафул» деген аталышты колдонууга туура келет.
Экономика министринин орун басары Беназир Нурланова кадимки ОСАГО айрым динге ишенген жарандарга диний себептерден улам туура келбей турганын айтты.
Буга жооп катары Жороев Кыргызстандагы бардык жарандар мусулмандар экенин айтып, арабча аталыштарды колдонбоону сунуштады. Ал камсыздандыруу кызматына кыргызча ат ойлоп табуу керектигин билдирди.