«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
«Асман Эйрлайнс» авиабилеттерди расмий каналдар аркылуу сатып алууну сунуштайт
19.05.2026 | 17:49

«Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы жүргүнчүлөргө билеттерди расмий «Asman Airlines» мобилдик тиркемеси жана www.asmanairlines.kg сайты аркылуу сатып алууну сунуштайт.
Ишкананын маалыматында, билеттерди расмий каналдар аркылуу сатып алуунун төмөнкүдөй артыкчылыктары бар:
- Үнөмдөө: Ортомчуларсыз жана кошумча тейлөө акысысыз сатып алууда билеттин баасы орто эсеп менен 300-500 сомго арзан болот.
- Ыңгайлуулук: «Asman Airlines» мобилдик тиркемеси (App Store жана Google Play’де жеткиликтүү) аркылуу билетти бир нече мүнөттө тандап, онлайн төлөөгө болот.
- Башкаруу: Жүргүнчүлөр брондоонун статусун өз алдынча көзөмөлдөп, билетти алмаштыруу же кайтаруу процедураларын сайт же тиркеме аркылуу ортомчуларсыз ишке ашыра алышат.
Авиакомпания жүргүнчүлөрдү убакытты жана каражатты үнөмдөө үчүн санариптик кызматтарды колдонууга чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом