АКШнын көк бөрү боюнча курама командасы каза болгон кыргызстандык машыктыруучусунун үй-бүлөсүнөн кабар алдыКанттагы Жаштар аллеясында беш метрлик «Тоос» жана «Комуз» пайда болдуСловениянын RIKO компаниясы Кыргызстандын энергетика тармагына инвестиция салууну караштыруудаКыргызстанда сентябрдан тарта «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулунун өлчөмү көбөйөтСалмак категориялары жана упайлар жок: Көчмөндөрдүн улуу күрөшүндө жеңүүчү кантип аныкталат?Үйдөн бир метр аралыктагы курулуш: шаар тургунунун даттануусуна Ош мэриясы эмне деп жооп берди
Депутат Каныбек Иманалиев парламенттик шайлоого катышпайт
26.08.2020 | 16:24
Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Reporter.kg’ге эл өкүлү өзү билдирди.
Ал бул чечимди өзү кабыл алганын айтып, партияга ийгилик каалады.
Буга чейин Иманалиев шайлоого “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы менен баратканы кабарланган.
ЖМКлар “Мекеним Кыргызстан” аны партиянын талапкерлеринин тизмесине киргизбегендигин билдиришти.
Рубрики: Жаңылыктар