Кыргызстанда +43 градуска чейин аномалдуу ысык күтүлөт — Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштарыБишкекте «Цивилизациялардын диалогу» алкагында ШКУ өлкөлөрүнүн кызматташтыгын өнүктүрүү талкууландыШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарынын коопсуздук штабы 24/7 режиминде иштейтЕвропаны жаңы аптап капташы мүмкүн: БУУ Эль-Ниньо кубулушунун кайтып келишинен эскертетЭмгек министрлиги: Иш берүүчүлөр 8,4 миң бош жумуш ордуна кызматкерлерди издеп жатышат«Ак илбирс ЭкоФест 2026» — Кеминде экологиялык фестиваль өттү
Депутат Кыргызстанга визасыз режим киргизүү керек деп эсептейт
21.09.2023 | 23:01
Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Туризм жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, кабыл алышты.
Мыйзам долбоору тууралуу маалыматты экономика жана коммерция министринин орун басары Самат Шатманов билдирди.
Депутат Жанарбек Акаев туризмди өнүктүрүү үчүн визасыз режимди киргизүү керектигин, коңшу республикалар бул маселе боюнча ийгиликтүү иштеп жатканын айтты.
Ал көп жылдар бою туризмди өнүктүрүү боюнча бардык пландар сөз жүзүндө гана калганын белгиледи.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом