Шакира 18-октябрда Бишкекте концерт берет — билеттер 1-октябрда сатыла баштайт«Бишкекгаз» Ленинское айылында 30-сентябрдан 2-октябрга чейин газ берүүнү токтототКыргызстанда санариптик далилдерди мыйзамдаштырып, виртуалдык активдерге камак салуу сунушталуудаБишкекте үй-тиричилик товарларын жана техникаларын чыгарган өндүрүштүк аянтча ачылдыКыргызстанда кайсы өсүмдүктөрдү жыйноого, колдонууга жана сатууга болбойтБишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде байыркы кол жазмалар тууралуу лекция өтөт
Максим Бакиевдин мурдагы жери президенттин иш башкармасына өттү
20.01.2023 | 14:07
Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге мурда таандык болгон Бишкектеги жер президенттин иш башкармалыгынын менчигине өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.
Анын айтымында, аталган жерлер Скрябин көчөсүндө 45 жана 45 А дареги боюнча жайгашкан. Президенттин иш башкармалыгы аталган жерлерге көп кабаттуу үй курууну пландап жатат.
“Бишкек башкы архитектура” мекемесинин депутатка берген жообунда, аталган жер тилкеде көп кабаттуу үй менен бирге башка объекттер, анын ичинде бала бакча да куруу каралганын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом