Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчѳсү колго түштү

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчѳсү колго түштү

Ошто опузалап талап кылууга шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчѳсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма соз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 17-январында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын аймагынан Өзгөн районунун тургуну 26 жаштагы А.А. опузалап талап кылууга шектелип кармалды.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесиндеги (Опузалап талап кылуу) кылмыш белгилери боюнча  кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгѳн  ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган жаран А.А. кармалып, далилдердин жана күбѳлѳрдүн кѳрсѳтмѳлөрүнүн негизинде  жасаган күнѳөсүн толук мойнуна алды. Кылмышка шектүү буга чейин он жолу кылмыш жообуна тартылган

Тергөөнүн жүрүшүндө  кылмышка шектүүнүн  убактылуу жашаган Ош шаарындагы батирине тинтүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында  жашаган үйүнөн бир даана “Наган” үлгүсүндөгү ок атуучу курал жана  үч даана огу менен алынды.

Учурда жогорудагы куралга карата тийиштүү экспертизалар дайындалып, шектүү менен бирге кылмыш жасаган шериктерин аныктоо, жана алардын аракеттерине юридикалык баа берүү боюнча тергөө иштери уланууда.

Кылмышка шектүү төмөнкү кылмыш иши боюнча шектүү катары кармалды: 2022-жылдын 18-апрель күнү жаран М.Т. Ош облустук Ички иштер башкармалыгына  арыз менен кайрылган. Анда 18-апрель күнү саат 23:00 чамасында Аман аттуу жигит достору менен келип, жабырлануучуну өзүнүн унаасына отургузуп,  опузалап талап кылып, 16 000 ( он алты миң) сом акчасын алып койгондугу үчүн мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Кылмышка шектүүгѳ карата Ош облустук соту тарабынан баш коргоо чарасы 2 айга камка алуу чечими кабыл алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>