Бишкек абасы булганган шаарлардын сап башына чыкты

Бишкек абасы булганган шаарлардын сап башына чыкты

Дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун индексинде 2023-жылдын 20-январында Бишкек 1-орунга чыкты.

Рейтингде биринчи орунда 278 индекс (AQI) менен Бишкек шаары, андан кийин 228 индекс менен Бангладештин Дакка шаары болсо, 3-орунда 197 индекс менен Пакистандын Лахор шаары болду. 4-орунда Непалдын катманду шаары, 5-орунда Индиянын Калькутта шаары, 6-орунда  Вьетнамдындын Ханой шаары, 7-орунда Индиянын Дели шаары, 8-орунда Пакистандын Карачи шаары, 9-орунда Индиянын Мумбаи шаары, ал эми 10-орунду Өзбекстандын Ташкент шаары ээледи.

Азыр Бишкек шаарында индекс (AQI) 278  деп турат. Бул — баш калаада аба булганган жана ден соолукка кооптуу дегенди түшүндүрөт. Ар кайсы райондордо индекс ар кандай. Эгер индекс 150дөн жогору болсо, ден соолукка кооптуу деп эсептелет.

Шаарда акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселе бойдон калууда. Жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш, түтүн каптайт. Адистер мунун себебин шаардагы унаалардан чыккан газ, үйлөрдөгү мештерден жана Жылуулук электр борборунан оргуган түтүн менен түшүндүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>