Депутат мас айдоочуну күбөлүгүнөн өмүр бою ажыратууну сунуштады

Депутат мас айдоочуну күбөлүгүнөн өмүр бою ажыратууну сунуштады

Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жалолидин Нурбаев мас абалда жол кырсыгына кабылган айдоочуну айдоочулук күбөлүгүнөн өмүр бою ажыратууну сунуштады.

Анын айтымында, мындай жол кырсык учурунда башка адамдын ден соолугуна зыян келтирилип, адам өмүрү кыйылууда.

“Мас айдоочуларды күбөлүгүнөн өмүр бою ажыруу керек”, — деди ал.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосуновдун маалыматы боюнча мас абалдагы айдоочу жол кырсыкка кабылган учурда ал 10 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажырайт. Ал эми мөөнөтү бүткөндөн кийин кайра экинчи жолу кырсыкка себепкер болсо, анда өмүр бою айдоочулук күбөлүгүнөн ажырайт.

“Биз ушундай кадамга барганга аргысыз болуп жатабыз”, — деди ал.

Жыйында “Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>