Депутат: Мектептерде окуучуларга уюлдук телефон колдонууга тыюу салуу керек

Депутат: Мектептерде окуучуларга уюлдук телефон колдонууга тыюу салуу керек

Бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Тазабек Икрамовдун мектепте сабак учурунда уюлдук телефон колдонууга тыюу салуу демилгесин талкуулап жатышат.

Демилгечи акыркы убакта балдар дос болууну, баарлашууну, сабак учурунда видеого тартууну токтотуп, мугалимдердин жаман көз карашын ачыкка чыгарып жатканын түшүндүрдү.

«Андан сырткары телефон окуучуларга зыянын тийгизет. Андыктан сабак учурунда уюлдук телефондорду колдонууга тыюу салууну суранабыз. Мектеп окуучулары сабак учурунда видеого тартып же мугалимдерди атайылап провокация кылып, анан коомго жаман жактарын көрсөтүп жатышат. Мектептерде тартип болуш керек. Ар бир класска телефондор үчүн атайын уячаларды орнотууну сунуштайм», — деди Тазабек Икрамов.

Комитеттин жетекчиси Динара Ашимова бул сунушту колдоду. Анын айтымында, уюлдук телефон колдонуу окуу процессине тоскоол болууда.

Жыйынтыгында комитет Тазабек Икрамовдун долбоорун жактырып, регламентке өзгөртүү киргизүү боюнча министрлер кабинетине тапшырма жөнөттү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>