Бишкекте тактикалык страйкбол боюнча ATG 2026 эл аралык турнири өттүМинистрлер Кабинети 2027-жылы 33 млрд сомдон ашык насыя тартууну пландоодоЧүй облусунда 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ишке берилдиШакиранын концерти Кыргызстандын экономикасына $30 млн алып келиши мүмкүн — КубатовКыргызстанда жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылдыКыргызстанда үч жылда баалар дээрлик 22% кымбатташы мүмкүн
Көк бөрү жана көк пардын финалына кирбей калгандардын билетинин акчасы кайтарылат
07.09.2026 | 12:58

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Уюштуруу комитети көк бөрү жана көк пар боюнча финалдык оюндарга билет алып, бирок кире албай калган көрүүчүлөргө каражаттарды кайтарып берет. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Ошондой эле билет алып, стадионго киргени менен орун жоктугуна байланыштуу мелдешти көрө албай калгандарга билеттин толук баасы (1000 сом) кайтарылат.
Каражатты кайтарып алуу үчүн билеттин төлөнгөндүгүн тастыктаган чекти же квитанцияны [email protected] электрондук дарегине жөнөтүү зарыл.
Бардык кайрылуулар Улуттук электрондук билет системасындагы маалыматтардын негизинде текшерилет. Каражаттар текшерүү иштери аяктагандан кийин кайтарылып берилет.
Министрлик жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурады.