Садыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылдыЖК комитети инвесторлорго жер берүүнүн жаңы эрежелерин жактырдыДКО: көк бөрү жана көк парга кире албагандар билеттин акчасын кайтарууга 20-сентябрга чейин билдирме бериши керек
Ош: Көчөдөн бир кишиге эки жолу ок чыгарды (Видео)
14.03.2022 | 11:54
Бир күн мурун социалдык түйүндөрдө бир адам көчөдөн жакын жерден бирөөнө ок чыгарган видео пайда болгон. Бүгүн, 14-март күнү Ички иштер министрлиги окуя туурасында Reporter.kgге айтып берди.
Маалыматка караганда, видеодо насыя алуучу насыя берүүчүнү көчөдөн аткан. Ал травматикалык тапанчадан эки жолу ок чыгарган. Жабырлануучу Кара-Суу районунун 33 жаштагы тургуну бутунан жаракат алып, ооруканага жаткырылды.
Ал эми А.У. аттуу 36 жаштагы тургун кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал дагы Кара-Суу районунун тургуну.
Окуя боюнча “Адам өлтүрүүгө аракет кылуу” беренеси менен иш козголду.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар