Жогорку соттун төрагасы ишти создуктурган судьяларга катуу чара көрүлөрүн эскертти«Кыргызкөмүр» Кара-Кече үчүн 26 млн сомго жаңы техника сатып алдыБишкек шаарында жаңы сквер курулуудаИБР Кыргызстанда айыл чарбасын механизациялоого $44,6 млн бөлөтБишкектеги Тез жардам борборунун директору КМШ өлкөлөрүнүн сынагында жеңүүчү болду«Эл алдында тизе бүгүүгө даярмын»: Рамиз Алиев депутат Сурабалдиевага жооп берди
Айтматов районунда 140 орундуу бала бакча курулууда
06.03.2024 | 11:38
Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Көк-Сай айылында 140 орундуу жаңы бала бакча курулууда. Бул тууралуу Архитектура агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, объекттин курулушу 2017-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Курулуш иштерин 2024-жылдын биринчи жарымында бүтүрүү пландалууда.
Бакчанын жалпы аянты 1480,9 чарчы метрди түзөт.
Бакчада иш-чаралар, оюндар жана эс алуу үчүн жайлар, ашкана, кампалар, музыка класстары жана медициналык бөлмө болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом