Депутат: Президенттин чакырыгынан кийин алтын алгандар нааразы болушууда

Депутат: Президенттин чакырыгынан кийин алтын алгандар нааразы болушууда

Тендер боюнча Улуттук банка барып калдым эле ошол жерде элдер аябай көп экен. Көрсө, президенттин алтын алгыла, алтындын баасы түшпөйт дегенинен улам көптөн алып алгандар бар экен. Андан соң алтындын баасы кайра түшүп кетип, пайда көрбөй калгандардын арасынан кан басымы көтөрүлүп тез жардам ооруканага кеткендер болуптур. Ушуга жооп берип койсоңуз? Бул суроону парламент комитетинен Жогорку Кеңештин депутаты Шарапткан Мажитова Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңишке берди.

Ал эми Нурбек Жеңиш алтын түрүндө инвестициялоо- бул узак убакытка сала турчу инвестиция экенин түшүндүрдү.

“Алтынга инвестия кылуу- узак мөөнөттү инвестиция. Алтындын баасы күнүнө өзгөрүп, өйдө-ылдый болуп турат. Бир күндө эле пайда көрөбүз деген туура эмес да”- деп жооп берди.

Эл өкүлү Мажитова түшүрдүрүү иштери жүрбөгөнүнө нааразылыгын билдирди.

“Алтынды элдер алып жатканда жакшылап түшүндүрсөңөр болмок экен. Биздин эл алтын менен иштеп көрүшкөн эмес да. Булар жүрөктөрүнө жакын алып алышыптыр”- деди депутат.

Буга чейин президент Садыр Жапаров доллардын куну өсүп кеткенден кийин элди алтын алууга үндөп, туруктуу баасы сакталып турат деп үндөгөн болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>