Депутат: Шаардыктар шайлоого келбей эле даттана беришет

Депутат: Шаардыктар шайлоого келбей эле даттана беришет

Шайлоого жарандардын ишенимин бекемдөө үчүн добуштарды автоматтык түрдө эсептөө тутумунун коопсуздугун камсыздоо зарыл. Бул тууралуу депутат Мейкинбек Абдалиев Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Ал буга чейин автоматтык эсептегич иштебей, добуш берүүнүн жыйынтыгына шек жаралганын эскертти.

«Ал иштебей калса, биздин блогерлер дароо бурмалап чыгат. Андыктан канчалык чабуул болсо дагы, кынтыксыз иштей турган болуш керек», — дейт Мейкинбек Абдалиев.

Депутат шайлоого катышпаган шаардыктарга дагы жооп берди.

«Шаардыктар эмнеге парламенттте биздин өкүлүбуз жок деп даттанышат. Өзүңөр шайлоого келбесеңер силерге депутатты ким шайлап берет?», — дейт ал.

Комитет Тазабек Икрамовдун добуш берүүгө катышпаган шайлоочуларды жоопкерчиликке тартуу боюнча мыйзам долбоорун карап чыкты.

Шайлоочуларды кызыктыруу ыкмалары: 1ГБ интернет, бир айлык жол кире

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>