Айыппул, лотерея — Икрамовдон жарандарды добуш берүүгө кызыктыруу жолу

Айыппул, лотерея — Икрамовдон жарандарды добуш берүүгө кызыктыруу жолу

Жарандарды добуш берүүгө кызыктыруу үчүн шайлоо тилкелеринде лотерея ойнотуу сунушталууда. Бул боюнча мыйзам долбоорун депутат Тазабек Икрамов көтөрүп чыкты.

Депутаттын айтымында, өткөн  шайлоолордо добуш берүү укугу бар жарандардын 30 пайызы  гана катышкан.

“Кайдыгерлик – бул терроризмден дагы кооптуу. Жарандар өлкөнүн келечегин ойлобой жатышат”, — дейт эл өкүлү.

Тазакбек Икрамов добуш берүүгө катышпаган шайлоочуларга 1 миң -5 миң сом өлчөмүндө айыппул салып, милдеттентирүү керектигин айтат.

Андан тышкары, талапкерлер күрөөгө койгон акчаны кайтарбай, аны шайлоо тилкелеринде лотерея ойнотууга коротууну сунуштайт.

Боршайком депутаттын демилгеси Конституцияга каршы келерин айтат.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованын пикиринде, шайлоочулар өз эрки менен келип добуш бериши керек. Аларды эч ким милдеттентире албайт.

«Ал добуш берүү тутумунун жөнөкөйлүгүнө жана талапкерлердин элге таанымалдыгына жараша», — дейт Нуржан Шайлдабекова.

Аталган мыйзам долбоор Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында биринчи окууда каралып, четке кагылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>