Жапаров: Бала бакчадагы балдарга тамак бергиле деп кыйнабагыла (видео)

Жапаров: Бала бакчадагы балдарга тамак бергиле деп кыйнабагыла (видео)

Бала бакчадагы балдарга тамак бергиле деп кыйнабагыла. Бул тууралуу 20-ноябрда параламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

Жапаровдун айтымында, азыркы тапта алар өлкөдө бала бакчаны ачам дегендерге бит катар жеңилдиктерди берди. Ошондой эле өкмөт бала бакча ачууну каалагандарга жардам көрсөтүүгө даяр. Бирок Жапаров мамлекет бала бакчадагы балдарга тамак берүүгө акча бөлүш керек деген позицияны колдобойт.

«Бала бакчалар боюнча биздин позиция мындай: биз бала бакча салууга, курам дегендерге, ачууга жардам берүүгө, китеп менен камсыз кылууга даярбыз. Бирок биз бала бакчада балдарды багыш керек деген — «түштө тамак беребиз, түштөн кийин уктатабыз, кечинде атасы алып кетет» деген философиядан баш тартабыз. Түшкө чейин бир балдар окуп, мектепке даярданып, түштөн кийин экинчи нөөмөттө окугандар даярдана тургандай болуш керек. Ошондой бала бакчаларга биз колубуздан келген жардамды беребиз. Жергиликтүү бийлик, ата-энелер да буга кошулушу керек. Биз республикалык бюджеттен электр энергия, суу, күзөт, имараты боюнча жардам бергенге даярбыз. Бирок тамагын бергиле деп кыйнабагыла. Бала бакчага 24% балдар барат экен. Биз аны келерки жылы 30-50%га жеткирели. Биз министр менен жаңы концепцияны даярдап жатабыз», — деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин мамлекет бала бакчага барган балдардын тамагы үчүн акча бөлбөй турганы белгилүү болгон. Аталган норма быйыл августа айында кабыл алынган «Билим берүү жөнүндө» мыйзамда каралган. Бул жаңылык коомчулук тараптан сынга кабылып, натыйжада парламентте аталган норманы өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору даярдалган.

Эскерте кетсек, учурда мамлекеттик бала бакчаларда балдардын тамагы үчүн акчанын жарымын ата-энелер, жарымын жергиликтүү бийлик органдары төлөп келген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>