Депутат: Шайлоо фондунун көлөмүн 100 миң сомдон жогорулатуу керек

Депутат: Шайлоо фондунун көлөмүн 100 миң сомдон жогорулатуу керек

Бүгүн, 11-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу конституциялык мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралып, анда депутаттар бир мандаттуу округ боюнча талапкерлердин шайлоо фондунун көлөмүн жогорулатууну сунушташты.

Жыйында депутат Дастан Бекешев бир мандаттуу округ боюнча талапкерлердин шайлоо фондунун көлөмү 100 миң сом, партиялардыкы 1 млн сом экенин белгилеп, бул адилеттүү эмес экенин айтты.

Ошондой эле, депутат Элвира Сурабалдиева: “Шайлоо фондунун көлөмүн 100 миң сомдон жогорулатуу керек. Каражаттар кайдан келип жатканын шайлоодон кийин деле текшерилет да.  Ошондой эле, БШК жана тиешелүү органдар деле текшерип жатышат”, — деди ал.

Ал эми депутаттар Айбек Осмонов менен Чолпон Султанбекова редакциялык мүнөздөгү майда-барат өзгөртүүлөрдү толук камтып, керектүү мыйзам топтомдорун сунуштоого чакырышты.

Ушундай эле пикирге токтолгон депутат Шайлообек Атазов шайлоо жараяндарына тиешелүү көптөгөн көйгөйлөр бар экенин белгилеп, бардыгын кайрадан карап чыгуу керектигин кошумчалады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: шайлоо

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>