Кыргызстанда шахматты өнүктүрүү боюнча президенттин жарлыгы чыкты

04.06.2026 | 11:21
Шахматтын фигуралары

Өлкө башчы Садыр Жапаров «2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Шахматты өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталды.

Жарлыкка ылайык, Министрлер кабинети 2026-жылдын 1-сентябрына чейин шахматты өнүктүрүүнүн комплекстүү улуттук программасынын долбоорун даярдайт. Ошондой эле Кыргыз шахмат союзуна караштуу шахматты өнүктүрүү фонду түзүлөт.

Билим берүү тармагында «Мектептердеги шахмат» пилоттук долбоору башталат. Анын алкагында өлкөдөгү 500 мамлекеттик жана муниципалдык мектепте 3–5-класстардын окуучулары үчүн шахмат ийримдери ачылат. Агартуу министрлигине аталган ийримдер үчүн типтүү программа иштеп чыгуу жана педагогикалык кадрларды даярдоо тапшырмасы берилди. 10 айдан кийин пилоттук долбоордун жыйынтыктарына мониторинг жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, шахматты жайылтуу максатында Президенттин атайын сыйлыктары негизделди. Жыл сайын «Жылдын мыкты шахматчысы» жана «Шахмат боюнча жылдын мыкты машыктыруучусу» номинациялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталат. Бул чаралар шахматчыларды даярдоонун натыйжалуу системасын калыптандырууга багытталган.

Scroll to Top