Депутат Темирбаева 3 тилде окутуу системасын киргизүүнү сунуштады

Депутат Темирбаева 3 тилде окутуу системасын киргизүүнү сунуштады

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Миргүл Темирбаева кайрылуу жасап, Кыргызтанда кыргыз, орус жана англис тилинде окутууну сунуштады.

Анын айтымында, бул Кыргызстандын өнүгүшү үчүн маанилүү, предметтерди англис тилинде окутууну бүгүнтөн баштоо керек.

“Англис тили — илим-билим, технологиянын тили. Албетте, реформа үчүн каражат талап кылынат. Бирок биз азыр баштай берсек эл аралык коомчулук да кол кабыш кылат. Ага өтүү үчүн көп убакыт талап кылынат. Бирок биз кадамды бүгүн, ушул жерден баштообуз керек.

Эл аралык коомчулуктан келген акча каражатын туура иштетип, билим берүү тармагында реформаларды жасоо мезгили келип жетти. Анын максаты кыргыз орус жана англис тилинде эркин сүйлөөнү калыптандыруу болуп саналат. Англис тили — дүйнөлүк экономикага ийгиликтүү интеграциялоо тили”, — деп белгиледи Темирбаев.

Депутат англис тилинде сабактарды окутуу эффективдүү болорун белгилеп, ЖОЖдорго пилоттук негизде кийирүү, өзгөчө техникалык окуу жайлар үчүн бул өтө маанилүү экенин айтты.

Депутат көтөрүлгөн маселе боюнча Билим берүү жана илим министрлиги иштеп баштоосу үчүн тапшырма берүү керектигин баса белгиледи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>