Депутат тез бузулуучу айыл чарба продукциялары үчүн чек ара өткөрмө бекеттеринде «жашыл коридор» түзүүнү суранды
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нилуфар Алимжанова эрте бышкан мөмө-жемиш өстүргөн дыйкандар жана жүк ташуучу айдоочулар продукцияны чет өлкөгө чыгарууда чек аралардагы узун кезектерге даттанып жатканын билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстандын түштүк жана түндүк аймактарында экспортко багытталган кулпунай, өрүк жана алча сыяктуу мөмө-жемиштер бышып жатат. Бирок өткөрмө бекеттериндеги узак күтүү убактысынан улам тез бузулуучу продукциялар жараксыз болуп, дыйкандар чыгымга учурап жатышат.
Депутат дыйкандар жыл бою эмгектенип, насыя алып, жер иштетип түшүм өстүрүшөрүн, бирок чек арадагы көйгөйлөр алардын эмгегин актатпай коюшу мүмкүн экенин белгиледи.
Ушуга байланыштуу ал Министрлер кабинетине коңшу мамлекеттер менен ыкчам сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тез бузулуучу айыл чарба продукциялары үчүн «жашыл коридорлорду» уюштурууну өтүндү.
«Чек арада бир күн туруп калуу деле дыйкандар үчүн чоң чыгым алып келиши мүмкүн», — деди депутат.