Алайда энергетика жана логистика тармагындагы 430 млн долларлык долбоор башталды

20.05.2026 | 17:50
Алайдагы ири долбоорго мезгил кутусун салуу аземи

Ош облусунун Алай районундагы Нура айылында энергетика жана логистика тармагындагы ири стратегиялык долбоордун курулушу башталып, курулушка мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Долбоор «Кыргызкөмүр» ААК жана Кытайдын «Xinjiang Dacheng Yuanlong Technology Co., Ltd» компаниясынын өнөктөштүгүндө ишке ашырылууда. Инвестициянын жалпы көлөмү 430 млн долларды түзөт. Долбоордун биринчи этабы үчүн 50 млн доллар бөлүнгөн.

Долбоордо төмөнкүлөр каралган:

  • Текелик көмүр кенинен Эркештам өткөрмө пунктуна чейин заманбап логистикалык система түзүү;
  • Нура айылында 10 гектар аянтта логистикалык борбор куруу;
  • Көмүрдү байытуучу эки фабриканы ишке киргизүү;
  • Көмүр ташуучу ленталуу конвейер системасын орнотуу (алгачкы этапта 7,7 чакырым, келечекте 157 чакырымга чейин).

Долбоордун максаты — жылына 10 млн тоннага чейин көмүрдү экспорттоого шарт түзүү жана ташуу чыгымдарын азайтуу. Объект толук ишке киргенде 100дөн ашык туруктуу жумуш орду түзүлөт.

Министрлик бул демилге көмүр тармагындагы логистиканы жаңылоого, өлкөнүн экспорттук дараметин жогорулатууга жана Кыргызстанды аймактык логистикалык түйүн катары бекемдөөгө багытталганын билдирди. Учурда долбоорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик колдоо, анын ичинде техникаларды «жашыл коридор» аркылуу өткөрүү чаралары көрүлүүдө.

Scroll to Top