ФАОнун эл аралык эксперттери Кыргызстандын балык тармагынын дараметин баалашууда

18-майдан 30-майга чейин республикада БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) жана Корея Республикасынын Океандар жана балык чарбасы министрлигинин долбоорунун алкагында эксперттердин миссиясы өтүүдө. Сапардын максаты — деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок шарттарда форель жана карп түрүндөгү балыктарды өндүрүүдө кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү.
Практикалык бөлүктүн жүрүшүндө эксперттер Токмок шаарындагы балык чарбаларын («Аква Пром», «Спартак Форель») жана Панфилов районундагы тоют заводун («Тянь-Шань форель») текшерип чыгышты. Адистер ишканалардын учурдагы абалын изилдеп, көйгөйлүү аймактарды аныкташты жана ата мекендик өндүрүүчүлөр менен процесстерди заманбапташтыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Миссия 29-майда мамлекеттик органдардын жана бизнестин өкүлдөрүнүн катышуусундагы жыйынтыктоочу семинар менен аяктайт. Жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда аквакультураны өнүктүрүү жана жергиликтүү продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча стратегиялык чечимдер кабыл алынат.