Ички иштер министрлигине жаңы орун басар келди

Ички иштер министрлигине жаңы орун басар келди

ИИМдин санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча орун басары болуп Суюнбек Ниязбеков дайындалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигининен билдиришти.

Маалыматка караганда, Президенттин администрациясынын кырдаалдык борборунун директору Адилет Жанузаков ИИМдин өздүк курамына Суюнбек Ниязбековду тааныштырып, аны ИИМдин санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча орун басары-ошол эле убакта ИИМдин маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын начальниги болуп дайындалгандыгын билдирди.

Суюнбек Ниязбеков ички иштер органдарына маалыматтык технологияларды колдонуу чөйрөсүндө чоң тажрыйбага ээ.

Суюнбек Ниязбеков 1969-жылы Нарын шаарында туулган.  Ички иштер органдарында кызмат өтөөнү 2001-жылы баштаган.

ИИМдин ички иликтөө кызматында жетекчилик кызматтарда иштеген. Өлкөдөгү өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал киргизилген убакта Бишкек шаарынын Комендатынын орун басары болуп кызмат өтөгөн. 2020-жылдын февралынан тартып азыркы учурга чейин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын начальниги кызматында иштеп келген. Ички иштер органдарынын катарында кынтыксыз кызмат өтөгөндүгү үчүн “Данк” медалы жана бир катар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>