Депутат төрөт үйлөрдө бэби-боксторду ачууну сунуштады

Депутат төрөт үйлөрдө бэби-боксторду ачууну сунуштады

Жогорку Кенештин депутаты Элвира Сурабалдиева өлкөнүн баардык төрөт үйлөрүндө жана ооруканаларында бэби-боксторду ачууну сунуштады. Бул тууралуу ал 26-майдагы парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, акыркы учурда баласын төрөп, таштап кеткен учурлар көп катталууда.

“Бул чоң талкуу жаратат, түшүнөм, бирок балдарды төрөп таштап кеткен учурлар көп болууда. Ошол балдар үчүн башка өлкөлөрдөгүдөй ар бир оорукана же төрөт үйүндө беби-бокс ачуу керек. Жаңы төрөлгөн балдардын жансыз денелери ар кайсы жерден табылууда. Ушуга жеткирбеш үчүн беби-боксторду ачуу зарыл. Өнүккөн мамлекеттерде болуп келген практика», — деди Э.Сурабалдиева.

Ошондой эле, депутат баласын таштап кеткен энелер тууралуу сөз болгондо, коомчулук кыздарды тарбиялоо боюнча кеп кылышып, эркек балдарга бул маселенин тиешеси жоктой мамиле кылышарын айтты.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: бэби-бокс

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>