Жапаров 16 жаштагы кыз менен байланышы үчүн соттолгон жаранга ырайым кылуу өтүнүчүн четке кактыБишкектин айрым аймактарында 13-октябрда ичүүчү суу өчүрүлөтБишкекте бир бөлмөлүү батир сатып алуу үчүн 47 жыл иштөө керекЭнергетика министри Токтогул ГЭСинин кышка даярдыгы менен тааныштыБаткендиктер Садыр Жапаровго суу жана акыйкат сот маселелери боюнча даттаныштыЫсык-Көлдөн синтетикалык торлор жана таштандылар чыгарылды
Депутат Б.Түлөбаев транспорт министрин сагынганын айтты
26.05.2022 | 14:30
Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоевди сагынганын билдирди.
Депутат Чоң-Кеминдеги он айылга токтолуп, жолдор коркунучтуу абалга келгенин айтты.
Ал транспорт министринин аты-жөнүн билбестигин, жүзүн көрбөгөнүн билдирди.
“Урматтуу транспорт министри, сизди сагындык. Жогорку Кеңешке келип жок дегенде жүзүңүздү көрсөтсөңүз жакшы болмок. Сизди абдан сагындык. Барсызбы, жокпу? Эмне кылабыз? Мүмкүн кат жазышабыз?” — деп сурады депутат.