Депутат тынчсызданган Нургазиев каналы Кыргызстандын аймагында жайгашкан

Депутат тынчсызданган Нургазиев каналы Кыргызстандын аймагында жайгашкан

Кадамжай районундагы Нургазиев каналынын туннели Өзбекстандын аймагына өтүп кетүү коркунучу жок, жана тынчсызданууга негиз жок. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нургазиев каналы толугу менен Кыргызстандын аймагында жайгашкан жана Кыргызстандын аймагы аркылуу гана агып өтөт.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 15-марттагы отурумунда депутат Бурун Аманова Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын такташууда Нургазиев каналынын туннели коңшу өлкөгө өтүп кетерин билдирген.

Билдирүүгө таянсак, Нургазиев каналы Кадамжай районундагы Ак-Суу дарыясынан бөлүнүп чыгып, Кадамжай шаарынын Пүлгөн, Жаңы-Жер айылдарынан, Халмион, Алга айыл аймактарынан, ал эми каналдын туннели, Өзбекстандын Фергана районунун Водил айылынын түндүк тарабында, мамлекеттик чек ара сызыгынан  150-200 метр алыстыктан өтөт.

Бул суу каналы жайгашкан аймактар Кыргызстан менен Өзбекстандын делимитация боло элек аймактарына кирбейт жана бул маселе эки мамлекеттин чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо  боюнча  Өкмөттөр аралык комиссиясында каралышы мүмкүн эместиги айтылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>