Депутат: Улуттук банкта 47 тонна алтын сакталууда

06.04.2023 | 15:17

Улуттук банкта учурда 47 тонна алтын сакталууда. Бул тууралуу «Кумтөрдүн» Кыргызстанга өткөндөн берки ишмердигин иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Арсланбек Малиев билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылдын 26-январына карата Улуттун банкта 44 миң 944,13 кг алтын болгон. Андан тышкары, Швейцариядагы банкта 1362,3 кг алтын сактоодо турган.

Жакында алар Улуттук банк кошумча 2 тонна алтын сатып алганы тууралуу маалымат алган. Ошону менен бүгүнкү күнү Улуттук банкта 47 тонна алтын бар.

Малиевдин айтымында, Улуттук банкта сакталган алтындар Кыргызстанда өндүрүлгөн алтындар. Алардын дээрлик 90%ы “Кумтөрдүн” алтыны болуп саналат.

“Кумтөргө” тышкы башкаруучу дайындалган учурда Улуттук банкта 17 тонна алтын бар болгон”, – деди ал.

19 тонна алтындын чыгарылышы: Комиссия чоо-жайын айтты (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top