Лейлекте милиция жолду кардан тазалап, кум себүүдө

Лейлекте милиция жолду кардан тазалап, кум себүүдө

Баткендин Лейлек районунда милиция кызматкерлери жолдорду кардан тазалып, айдоочуларга жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул иш райондук милициянын башчысынын демилгеси менен жасалууда.

Милициянын көчмө кабылдамасынын кызматкерлери район аймагын аралып, кар көп жааган Сумбула айыл аймагындагы айылдарда, Кулунду, Чимген, Самат, Кара-Булак айылдарында жана Раззаков шаарында жол тыгындары пайда болбошу үчүн жана жарандарга ыңгайсыздыктарды жоюу максатында жолдорго кум сээп, кардан тазалоодо.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>