Депутат: жарандардын биометриялык маалыматтары таркатылып жатат

Депутат: жарандардын биометриялык маалыматтары таркатылып жатат

«Жарандардын өздүк маалыматтарынын коопсузудугу коркунучта», — деп билдирди депутат Алишер Эрбаев Жогорку кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында.

Ал  санариптүү өнүктүрүү министри Нурия Кутнаеваны ички коопсуздук маселесине көңүл бөлүүгө чакырды.

«Дата борбор сатып алып, жарандардын өздүк маалыматтарын топтодуңуздар. Бүгүн улуттук коопсуздук маселеси коркунучта. Ким коопсуздук үчүн жооп берет. Жарандардын бармак изи, биометриялык маалыматтары таркатылып жатат. Мында IT адис 42 миллион сом уурдап кармалыптыр. Биздин сыр маалыматтар экинчи, үчүнчү өлкөлөргө өтүп кетти», — деди Алишер Эрбаев.

Министр IT адиске иш козголгонун ырастап, бул жана башка маалыматтар купуя сыр болгондуктан депутаттын өзүнө айтып берерин белгиледи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>