Жалал-Абад: Дагы бир кримчөйрөнүн өкүлү кылмыштуу жолдон баш тартты (видео)

Жалал-Абад: Дагы бир кримчөйрөнүн өкүлү кылмыштуу жолдон баш тартты (видео)

Жалал-Абад облусунда Чач каймана аты менен таанымал кримтөбөл Эрнис Мурзахметовдун кылмыштуу тобуна кирген Назарбек Шералиев кылмыш чөйрөнүн идеологиясын колдобой тургандыгын билдирди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал криминалдык иштерден баш тартып, мыйзам менен жашай турганын билдирген.

«Жалал-Абад облустук милициянын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн профилактикалык иштердин натыйжасында, кылмыштуу чөйрөдө орду чоң болгон, мурда бир нече жолу оор кылмыштар менен соттолгон 32 жаштагы Назарбек Шералиев Камчы Көлбаевдин идеологиясын колдобой тургандыгын билдирди. Ал мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына баш ийип жашоого, эгерде мыйзам бузса жоопкерчилик тартылууга даяр экендигин айтты», — деп билдирет облустук милиция.

Эскерте кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо жүргүзүп, операция учурунда Көлбаев жок кылынганы кабарланган. УКМКнын маалыматы боюнча, кармоо учурунда Көлбаев атайын багыттагы кызматкерлерге куралдуу каршылык көрсөтүп, ага жооптуу ок атылганда, кримтөбөл жараат алып, окуя жеринде көз жумган.

Көп өтпөй Кыргызстандагы кримчөйрөгө тиешеси бар адамдар кылмыш дүйнөсүнөн баш тарта турганын, мыйзам боюнча жашай турганын айтып чыгышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>