Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери Адилет Балтабайды кармап кетти

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери Адилет Балтабайды кармап кетти

Бүгүн, 10-октябрда Чүйдүн Сокулук районунда активист Адилет Балтабай укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу активисттин жубайы Гүлкайыр Жапарова Reporter.kg’ге билдирди.

Анын айтымында, бүгүн Адилет Балтабай мурда соттолгон иш боюнча Сокулук районундагы пробация органына катталып коюу үчүн кеткен. Ошол учурда алардын үйүнө укук коргоо органдарынын кызматкерлери келген. Кийинчерээк алар Адилет Балтабайды Сокулуктан кармап кетишкен.

Белгилей кетсек, бүгүн Адилет Балтабай «Фейсбуктагы» баракчасына анын үйүнө укук коргоо органдарынын кызматкерлери келгенин, ал учурда үйүндө болбогонун билдирген. Анын айтымында, укук коргоо органдарынын кызматкерлери аны Камчы Көлбаевдин өлүмү тууралуу түз эфир жасаганына байланыштуу издеп келген.

Алдына ала маалыматтар боюнча, Адилет Балтабайды УКМКнын кызматкерлери кармап кеткен. Ал эми УКМКнын басма сөз кызматы аталган маалыматты тактап берерин билдирди.

Эскерте кетсек, Адилет Балтабай 2022-жылдын 30-июнунда Биринчи май райондук милициясы тарабынан «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» шектелип кармалган. Ал кармалардан мурда Кыргызстанда кумарканалардын ачылышына каршы болуп, митингдерге чыгып жүргөн.

2-сентябрда Адилет Балтабайга ачылган кылмыш иши боюнча биринчи отурум өтүп, 11-ноябрда ага өкүм чыгарылган. Бишкектин Биринчи райондук соттун чечими менен Адилет Балтабай 5 жылга соттолуп, ошол эле учурда 3 жыл пробациялык мөөнөт белгиленип, эркиндикке чыккан.

Быйыл 12-январда Адилет Балтабайдын иши Бишкек шаардык сотунда каралып, райондук соттун 3 жылдык пробациялык көзөмөл тууралуу чечими жокко чыгарылып, 5 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм күчүндө калтырылган. Адилет Балтабай сот залынан камакка алынган.

19-апрелде Жогорку сот шаардык соттун өкүмүн жокко чыгарып, Биричи май райондук соттун пробация тууралуу өкүмү күчүндө калтырган.

Жогорку сот активист Адилет Балтабайга өкүм чыгырды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>