«75чилер иши»: Прокурорлор Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз бериштиОмар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалдыКыргызстанда жыл башынан бери миң чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлдүАсыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү үчүн 3 пайыздык жеңилдетилген насыя берилетБишкекте өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып, пара талап кылган шектүү кармалдыЫсык-Көлдө Formula 1 H2O боюнча Кыргызстандын Гран-приси аяктап, жеңүүчүлөр аныкталды
Тажикстан куралдуу жаңжалда уурдалган унааларды кайтарып берди
26.12.2023 | 11:27
Тажикстан чек арадагы куралдуу жаңжалда өз аймагында калган кыргыз жарандарына таандык болгон оор жүк ташуучу 5 унааны кайтарып берди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка караганда, эки өлкөнүн аймагында калып калган жана чек ара чатакта уурдалган оор жүк ташуучу унаалар менен алмашуу болду.
Тажикстан тарап беш транспортту, Кыргызстан төртөөнү өткөрүп берди.
Белгилей кетсек, аталган транспорт каражаттары чек арада күйүүчү май жана башка товарлардын аткезчилиги менен дагы байланышкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом