Депутат министрге: Дарыгерлерди бүткүл дүйнөгө уят кылдыңыз

Депутат министрге: Дарыгерлерди бүткүл дүйнөгө уят кылдыңыз

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында депутат Сайдулла Нышанов саламаттык сактоо министрин сынга алды.

“Мен сизди 15-16 жылдан бери жакшы хирург катары билем, бирок сиз жакшы министр боло албадыңыз. Сиз азыр президенттин артында туруп, парламентке кысым көрсөтүп жатасыз, четке кагасыз, келбейсиз, парламент чечим чыгарды, керек болсо бардык парламентти алдырып салууну айтасыз. Бирок мунун баары убактылуу гана. Мен, үч чакырылыштын депутаты катары чоң сүйлөгөндөрдү көргөм, алардын жыйынтыгы начар болду. Өзүңүздүн орун басарларыңызды жумуштан алып, иштебей жатат деп, сиз жарнама кылганды үйрөндүңүз. Ошол элек Каратаев COVID-19 башталганда ошол эле иштеп, калгандары жашынып калышкан. А сиз аны сын менен алып салдыңыз”, — деди Нышанов.

Андан соң депутат министрдин эсине уу-коргошунду салды: “Бүткүл дүйнө биздин үстүбүздөн күлүп жатат. Бул биз үчүн сокку болот. Балким сиз пенсияга кетип калаттырсыз, бирок депутаттар менен кыргыз элине бул сокку. Балким президент сизди колдоп жаткандыр, мамилеңер жакшы болушу мүмкүн”.

Нышановдун айтымында, Хашим Зайналиев сыяктуу дарыгерлер элди дарыласа, анда биздин медицина эки кылымга артка кетет.

“Анын медицинага тиешеси жок. Биздин медицинага терс таасириңизди тийгиздиңиз. Сиз дарыгерлерди бүткүл дүйнөгө уят кылдыңыз. Менин оюмча, сиз же парламент кетиши керек. Биз мына ушуга келишибиз керек”, — деди ал.

Бейшеналиев отурумга командировкада болгону үчүн эки ирет келбей калганын айтты.

“Уу-коргошун боюнча маалымат менден кеткен жок. Мен министр катары жоопкерчиликти өзүмө алдым”, — деди ал.

Рубрики: COVID-19 , ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>