Окуучулар кабылган жол кырсык: Депутат мектеп куруп берүүнү суранды

Окуучулар кабылган жол кырсык: Депутат мектеп куруп берүүнү суранды

Бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аманкан Кенжебаев “Манас” аэропортуна кетчү жолдо кырсыкка кабылган окуучулар тууралуу айтып, президенттен жаңы мектеп куруп берүүнү суранды.

Анын айтымында, ага Лесной айылындагы ата-энелер кайрылышкан.

«Лесной айылындагы балдар маршруттук такси менен 7 чакырым алыстыкта жайгашкан Манас айылындагы мектепке барып окушат. Кырсыктын кесепетинен бир нече бала реанимацияга түшүп калды. Ата-энелер башталгыч мектеп салып берүүнү суранып жатышат. Мындай кырсык кайталанбашы керек. Муну Садыр Жапаровго жеткирүүнү ата-энелер өтүнүштү,» – деди депутат.

Эске салсак, 20-апрелде “Манас” аэропортун көздөй бара жаткан жолдо кырсык катталып, окуучуларды ташыган автобус оодарылып кеткен. Анда 18 бала жана эки чоң адам болгон. Алар Лесной айылынан Манас айылындагы Ат-Башы лицейине сабакка бара жатышкан.

Окуучулар кабылган жол кырсык: Жабыркаган балдардын саны өстү

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>