Депутатка кайрылганы үчүн милиция тарабынан куугунтук болуп жатабы? Атамбаев маселени териштирүүнү суранды

Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев Аламүдүн районунун Кайырма айылынын тургундарына карата милиция кызматкерлеринин аракеттеринин мыйзамдуулугун текшерип берүүнү өтүнүп, министрлер кабинетинин өкүлдөрүнө кайрылды.
Парламент өкүлүнүн айтымында, ага Кайырма айылынын тургуну Самат Өкмөткулов жергиликтүү тургундардын атынан кайрылган. Анда Байтик айыл өкмөтүнүн аймагындагы тоо кендерин иштетүүгө байланыштуу көйгөйлөр көтөрүлгөн.
Депутаттын айтымында, ал буга чейин айыл тургундарынын кайрылуусунун негизинде бул маселени Жогорку Кеңеште көтөргөн. Тургундардын айтымында, жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасында жайыттар талкаланып, экологияга зыян келтирилип, Кызыл китепке кирген өсүмдүктөр жоголуп, ошондой эле мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулган жол жараксыз абалга келип жатат. Мындан тышкары, алардын айтымында, астма жана аллергия менен жабыркагандардын саны көбөйгөн.
«Эми мага ушул көйгөйлөр боюнча кайрылган жаш жигиттерди ИИМ кызматкерлери кармап жатышканы жана алардын конституциялык укуктары бузулуп жатканы тууралуу маалымат келип жатат», — деди Атамбаев.
Буга байланыштуу депутат министрлер кабинетинен укук коргоо органдарынын аракеттерине укуктук баа берүүнү суранды.