Кара-Көлдө мас адам милиционерди сөгүп, погонун жулуп алган. Иш жабылды

Кара-Көлдө мас адам милиционерди сөгүп, погонун жулуп алган. Иш жабылды

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында ичимдик ичип алган жаран милиция кызматкерин сөгүп, погонун жулуп алган. Бул тууралуу шаардык соттун токтомунда айтылат.

Маалыматка караганда, окуя 2023-жылы 11-декабрда болгон. Ошол күнү болжол менен саат 23:00до милицияга шаардагы кафелердин биринде мас адам сөгүнүп, ызы-чуу чыгарып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ыкчам-тергөө тобу барган. Мас адам (М.К.) кафенин алдынан милиция кызматкеринин (кенже сержант) погонун жулуп алып, аны сөккөн. Ошондой эле каршылык көрсөтүп, милициянын унаасына араң отурган. Унаага отургандан кийин милиция кызматкерин денесине жана башына уруп жиберген.

Аталган окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө аяктагандан кийин Кара-Көл шаардык сотуна өткөрүлгөн.

Соттук отурумда милиция кызматкери айыпталуучу (М.К.) менен жарашып алганын жана ага эч кандай дооматы жок экенин билдирип, кылмыш ишин жабууну соттон суранган. Бул өтүнүчтү айыпталуучу, анын жактоочусу жана прокурор колдогон.

Тараптар жарашып алганына байланыштуу сот ишти жапкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>