Депутаттар башпрокурордон коррупцияга байланышкан резонанстуу иштердин жыйынтыгын сурашты

Депутаттар башпрокурордон коррупцияга байланышкан резонанстуу иштердин жыйынтыгын сурашты

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокурордун 2019-жылдагы ишинин отчету каралууда. Талкуу маалында депутаттар Бакирдин Субанбеков жана Абдыбек Дюшалиев коррупцияга байланышкан резонанстуу иштердин жыйынтыгына токтолушту.

Депутат Бакирдин Субанбеков Бишкек ЖЭБи, Тарых музейи, ат майданы жана “Акнет” компаниясына тиешелүү маселелерди көтөрүп: “Башкы прокуратура укук коргоо органдарынын иликтөө жана ыкчам-издөө ишмердүүлүгүн гана көзөмөлдөбөстөн, зыяндын ордун толуктоо жаатында да алгылыктуу иштерди аткарышы керек”, – деди.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов аталган кылмыш иштери боюнча 1 млрд. сом көлөмүндөгү мүлк камакка алынганын айтты.

 “Тилекке каршы иликтөө маалында зыяндын ордун толтура албадык. “Акнет” компаниясы боюнча иликтөө ишин каржы полициясы алып барып, салыктарга тиешелүү 150 млн. сомдук зыян өндүрүлдү. Андан соң иш Ички иштер министрлигине өткөрүлүп, кошумча 716 млн. сомдук зыян аныкталды”, – деп кошумчалады.    

Ошондой эле депутат Бакирдин Субанбековдун “Ички иштер министрлиги экономикалык кылмыштар боюнча иликтөө жүргүзө алабы?” – деген суроосуна Башкы прокурор зарыл учурларда жүргүзүү укугуна ээ экенин белгиледи.

Ал эми депутат Абдыбек Дюшалиев Аскарбек Шадиевге байланышкан кылмыш иши тууралуу сурады.

Буга: “Аскарбек Шадиев мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга кесилген. Учурда АКШнын тиешелүү мамлекеттик органдары менен тийиштүү иштер жасалууда”, – деп жооп берди Өткүрбек Жамшитов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>