Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
Масалиев: Кийинки парламенттик шайлоого катышарым азырынча белгисиз
21.05.2020 | 14:31
Кийинки парламенттик шайлоого катышар катышпастыгымды аызырынча айта албайм. Мындай пикирди “Репортерго” Жогорку Кеңештин депутаты Исках Масалиев билдирди.
Ал VI чакырылыштагы парламентке жана спикерге сындар көп айтылгандыктан мандатын тапшыруу чечимин кабыл алганын айтты.
“Кийинки парламенттик шайлоодо депутаттыкка талапкер катары катышарымды, эгер катыша турган болсом кимдерге кошуларымды азырынча айта албайм. Мен өзүм “Кыргызстан Коммунистик партиясын” төрагасымын. Шайлоого чейин дагы көп бар, адегенде өзгөчө кырдаал токтоп, баары өз оордуна келе берсин, анан белгилүү болот”, – деди Масалиев.
Белгилей кетсек, Исках масалиев Жогорку Кеңештин 21-мартагы жыйыны учурунда депутаттык мандатын тапшырып, парламенттен кетерин айтткан.
Сүрөт: «Супер-Инфо»
Рубрики: Жаңылыктар, Коом