Депутаттар Баткендеги авариялык абалдагы мектепке барышты

Депутаттар Баткендеги авариялык абалдагы мектепке барышты

Жогорку Кеңештин «Элдик» депутаттык тобу Баткен районунда жайгашкан авариялык абалдагы мектептерден кабар алышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алгач Акылбек Түмөнбаев баштаган депутаттык топтун мүчөлөрү Жалолидин Нурбаев, Нурлан Ражабалиев жана Максатбек Сарбагышев Төрт-Күл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Турпак айылында жайгашкан Балтабай Нуралиев атындагы мектепке барышты.

Алсак, 1970-жылдары курулуп, азыркы учурда авариялык абалда турган мектеп имаратында 250 окуучу эки нөөмөт менен билим алат. Иш сапарды коштоп барган Министрлер кабинетинин өкүлдөрүнө жаңы окуу имаратын курууну табыштаган эл өкүлдөрү, долбоорун жана сметалык баасын тез арада тактоо керектигин кошумчалашты.

Андан ары депутаттык топ Чоң-Талаа айылындагы мектеп менен таанышты. Эскерте кетсек, учурда аталган мектеп имаратын башка жерге которуу боюнча тийиштүү иштер жасалууда.

Мектеп жанында жергиликтүү эл менен жолугушкан депутаттар тургундардын бир катар көйгөйлөрүн укту.

Айрыкча айыл эли таза суу менен камсыздоо зарылчылыгын көтөрүштү. Коштоп барган жетекчилер аймакты өнүктүрүү фондунан аталган маселени чечип беришерин убада кылышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>