Депутаттар Баткенге 1,5 млрд сом бөлүүнү сунушташты. Өкмөт каршы

Депутаттар Баткенге 1,5 млрд сом бөлүүнү сунушташты. Өкмөт каршы

Жогорку Кеңештин 15-июнундагы жыйынында “Баткен облусунун статусу жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Чыңгыз Ажыбаев, Жалолидин Нурбаев, Ырысбек Атажанов, Нурлан Ражабалиев, Искендер Матраимов, Миргүл Темирбаева, Камила Талиева, Медербек Алиев, Алишер Козуев жана Султанбай Айжигитов тарабынан демилгеленген.

Жыйында баяндама жасаган демилгечи депутаттардын бири Чыңгыз Ажыбаев белгилегендей, Баткен облусунун коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча мамлекеттик программа кошумча жана жетиштүү материалдык, финансылык жана техникалык ресурстарды талап кылат. Буга байланыштуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Тагыраагы, мыйзам долбоорунда Баткен облусунун коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн камсыздоо багытындагы мамлекеттик программага жыл сайын мамлекет тарабынан берилүүчү кошумча субсидиялардын көлөмүн 1,5 млрд сомдон кем эмес өлчөмдө аныктоо сунушталууда.

Талкууда депутат Исхак Масалиев бул мыйзам долбоору боюнча министрлер кабинетинин позициясын тактады.

Ал эми каржы министринин орун басары Руслан Сүйналиев сунушталып жаткан ченемдердин кабыл алынышы туура эместигин, Баткен облусуна каралган 500 миллион сомдун 390 миллион сому бөлүнгөнүн айтты.

“Биз бул боюнча корутунду даярдаганбыз. Мыйзам долбоор 2024-жылдан баштап киргизилгени жатат. Биз корутундуга өзүбүздүн сунушубузду киргизгенбиз. Анда бул каражатты этап менен бөлүү көрсөтүлгөн”, — деди Руслан Сүйналиев.

Депутат Фарходбек Алимжанов жыл аягында каражат бөлүнүп, буга байланыштуу каражат өздөштүрүлбөй жатканын белгилеп, жыл сайын берилүүчү кошумча субсидиялардын көлөмүн 1,5 миллиард сомго чейин аныктоо керектигин кошумчалады.

Депутат Нурлан Ражабалиев Баткен облусу ар тараптуу колдоого муктаж экенин белгилеп, мыйзам долбоору тарабынан сунушталган нормаларды колдой турганын кошумчалады. Бул мыйзам долбоорун депутаттар Айбек Осмонов, Өмүрбек Бакиров дагы колдошту.

«Мыйзам долбоорунун негизги максаты — Баткен облусунун калкын социалдык-экономикалык жактан колдоо», — деди Өмүрбек Бакиров.

Депутат Надира Нарматова 500 миллион сомдун өздөштүрүлбөй калуу себептери, анын ичинде бул каражаттын иштетилбегени үчүн аткаминерлердин жоопкерчилиги тууралуу маселе көтөрдү.

Депутат Миргүл Темирбаева Министрлер кабинетинин өкүлдөрүнө кайрылып жатып, каражаттын өздөштүрүлбөй жатышынын себеби Баткен облусуна өз убагында акча бөлүнбөй жатканы экенин белгилеп, «Жол картасы» жана ишкерлерди колдоо боюнча да маселелерди тактады.

Камила Талиева жол картасы 2022-жылы кабыл алынып, долбоорлор жактырылганын, бирок алар ишке аша электигин белгиледи.

Ал белгилегендей, 2023-жылга каралган 400 миллион сомдун 20 миллиону гана бөлүнгөн. Ал эми депутат Султанбай Айжигитов Баткен облусуна бөлүнгөн каражаттын өздөштүрүлбөй жатканына токтолуп, Министрлер кабинетинин Баткен облусун өнүктүрүү боюнча конкреттүү программасы жок экенин баса белгиледи.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>