Кемпир-Абад: Депутат жыйындан эмнеге чыгып кеткенин түшүндүрдү

Кемпир-Абад: Депутат жыйындан эмнеге чыгып кеткенин түшүндүрдү

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча колубуздагы материалдар маселени түшүнүүгө жетиштүү эмес. Бул тууралуу Reporter.kg’ге депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди.

Кадырбеков чек ара маселесин карап жатканда адашууга болбой турганын белгиледи.

«Мен негизи мораторий киргизүүнү сунуштагам. Чек ара маселеси, биринчиден, пакет менен чечиле турган иш эмес. 11 тилкени бир карап жатабыз. Ар бир тилке өзүнчө каралышы керек. Анткени, ал татаал маселе. Бир чечилгенден кийин артка жол жок. Адашууга акыбыз жок. Башка учурда адашсак, оңдоп кетсек болот. Эл аралык алакалардын  категориясындагы маселе, ошондуктан абдан дыкат караш керек болчу. Колубуздагы материалдар маселени түшүнүүгө жетиштүү эмес экен», — дейт ал.

Анын айтымында, бул маселени иликтеп чыгуу үчүн көп убакыт керек.

«Жер-жеринен маселени иликтеп келгенге, депутаттык комиссия, атайын кесипкөй адистер менен иштегенге убакыт керек болчу. Жок дегенде эки жыл керек эле. Ошондуктан мораторий деп сурангам. Билбей туруп добуш берсең же жаңыласың, же кошоматчы болуп каласың», — деди ал.

Кадырбеков коомчулукта айтылган «комитеттин жыйынынын аягына чейин катышып, каршы добуш бериш керек болчу» деген сындарга жооп берди. Эскерте кетсек, комитеттин жыйынында Нуржигит Кадырбеков жана башка үч депутат кворум болбошу үчүн залдан чыгып кеткен.

«Ал жагы да туура. Жыйынга келе жатканда андай кылам деп ойлогон эмесмин. Принципиалдуу түрдө катышам деп ойлогом. Эмне кылабыз, айла жок да.  Мораторий дегенде, ага да салымыбыз болуп калат экен. Бар рычыгды пайдалынышка туура келди», — деди ал

Ошондой эле, ал комитеттин жыйынындагы кворум маселеси тууралуу оюн айтты.

«Комитеттин 14 мүчөсү бар. 7+1 деген принцип менен көпчүлүк болот деп жүргөнбүз. Бирок кечээ (15-ноябрда – ред. ) жетөө добуш берди деп айтылып жатат. Мен санаган эмесмин. Ал жагын өзүңүздөр тыянак чыгарып алыңыздар», — деди ал.

Эскерте кетсек, 15-октябрда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети «Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» жана «Кемпир-Абаддын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорлорун үч окууда колдоп берген. Добуш берүүнүн алдында депутат Адахан Мадумаров кворум болбошу үчүн 5 депутат залдан чыгып кетүү чечимин кабыл алганын айтып, алар комитеттин отурумунан чыгып кеткен. Депутат Улан Бакасов комитеттин жыйынында кворум маселеси тууралуу суроо узатып, отурумга катышкан юрист залда комитеттин 14 мүчөсүнүн жетөөсү катышып жатканын, кворум бар экенин билдирген.

ЖК комитети Кемпир-Абад боюнча келишимди жактырды

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>