Баткенде 8-мартка карата 200 аялга майрамдык салтанат уюштурулду

Баткенде 8-мартка карата 200 аялга майрамдык салтанат уюштурулду

Баткенде 8-март – Аялдардын эл аралык күнү карата майрамдык салтанат уюштурулду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага облустагы баатыр энелер, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон алдыңкы айымдар, мекен чегинде баатырларча курман болгон жоокерлердин энелери, жубайлары, жалпы 200 аял катышты.

Аларды облус башчысы Абдикарим Алимбаев куттуктады.

«Аялзаты — үй-бүлөнүн куту, берекеси, бекем үй-бүлөнүн башаты. «Эне бир колу менен бешик терметсе, экинчи колу менен аалам терметет» деп бекеринен айтылбайт. Сиздердин мээримдүү эне, камкор жар болуу менен катар, коомдук турмуштун бардык тармактарындагы салымыңыздар эбегейсиз. Өзгөчө чек арага чеп болуп жашаган Баткендин айымдарынын эркттүүлүгү, кайратмандыгы баалоого арзыйт», — деди ал.

Сөзүн улай ал чек арадагы куралдуу жаңжалда мекен чегин коргойм деп курман болгон эр-азаматтардын энелерине баатырларды тарбиялап өстүргөнү үчүн ыраазычылык билдирип, алардын уулдары мекенди коргоонун чыныгы үлгүсүн көрсөтүп кеткенин белгиледи.

«Салтанаттын жүрүшүндө облус башчысы бир катар айымдарга сыйлыктарын тапшырып, жалпы келген аялдарга белектерин берди. Майрамдык иш-чара белгилүү кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерт менен уланды», — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>