Депутаттар жарандардын чатырын оңдоого милдеттүү эмес — Дастан Бекешев
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Байтик Баатыр көчөсүндөгү №9 үйдүн тургуну депутаттан үйдүн чатырын оңдоп берүүнү талап кылганын айтты.
«Ал “силер, депутаттар, чатырды оңдоп берүүгө милдеттүүсүңөр” деп жатат. Бирок депутаттар мындай ишке милдеттүү эмес», — деди Бекешев.
Андан кийин депутат көп кабаттуу үйлөрдүн чатырларын күн панелдерин орнотуу аркылуу оңдоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Анын айтымында, Энергетика министрлиги менен Бишкек мэриясы чатырларды оңдоп же толугу менен алмаштырып эле тим болбостон, аларга энергия топтоочу жабдуулары бар күн панелдерин орното алышмак.
Бекешев өндүрүлгөн электр энергиясын ошол эле үйлөрдүн тургундарына сатып, ашыкча көлөмүн башка керектөөчүлөргө берсе болорун айтты.
Депутаттын пикиринде, мындай долбоор эски чатырлар маселесин чечип, экологиялык таза энергия булактарын өнүктүрүүгө да жардам берет.
«Бул, чынында, жакшы бизнес-долбоор. Эгер мамлекет муну совет мезгилиндеги үйлөрдө пилоттук долбоор катары ишке ашырса, абдан жакшы болмок», — деди ал.