Депутаттар порнографиялык сайттарга тыюу салууну сунуштады

Депутаттар порнографиялык сайттарга тыюу салууну сунуштады

Жогорку Кеңеште «Кыргыздын интернет-мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контентке кирүүгө тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду.

Демилгечи депутаттар — Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов, Султанбай Айжигитов, Медер Алиев, Алишер Эрбаев, Эмиль Жамгырчиев, Марлен Маматалиев, Нурлан Ражабалиев.

Аталган мыйзам долбоор коомдун моралдык жана адеп-ахлактын баалуулуктарын коргоо, жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштарды, ошондой эле инсандын руханий-адептик саламаттыгына каршы кылмыштарды болтурбоо жана алдын алуу максатыпда иштелип чыккан.

Авторлор белгилегендей, акыркы убакта жыныстык эркиндикке каршы кылмыштардын, ошондой эле инсандын руханий-адептик саламаттыгына каршы жасалган кылмыштардын саны кескин өсүүдө.

Акыркы 20 жылдын статистикалык маалыматына ылайык, катталган кылмыштардын жалпы структурасында зордуктоо 1%га жакынды түзгөн. Жылына 340 зордуктоого чейин катталган: 2002-жылы – 323, 2010-жылы – 314, 2014-жылы – 334, 2018-жылы – 235. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2021-жылы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде 632 зордуктоо катталган.

Демилгечилер белгилегендей, жазаны катаалдаштыруу жолу менен мамлекет жасаган кылмыштардын кесепеттери менен гана күрөшүп, анын алдын албайт жана бөгөт койбойт. Алдын алуу чараларын жүзөгө ашыруу жана кылмыштардын бул түрлөрүнүн көбөйүшүнүн себептери менен күрөшүү жана көбүрөөк күч-аракеттерди жумшоо зарыл.

“Мисалы, интернет кылмышкерлерге сексуалдык канааттанууну жана жабырлануучулар менен байланышты жеңилдетүүдө. Интернет порнографияны таратууга негизделген күчтүү индустрияга ээ. Көбүнчө кылмышкерлер өз курмандыктарына түздөн-түз кире алышпайт жана өздөрүндө сексуалдык фантазияларды ойготуу менен өздөрүн канааттандырышат. Бул үчүн адатта порнографиялык чыгармалар жана видеолор колдонулат. Бирок эртеби-кечпи мындай аракеттер кылмыш жасоого алып келет. Ушуга байланыштуу Кыргызстандын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздү камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу зарыл”, — деп айтылат маалымкат негиздемеде.

Авторлор белгилегендей, мамлекет порнографиялык мүнөздөгү предметтерди сезилерлик жайылтууга гана контроль жүргүзө алышы мүмкүн, а интернет мейкиндиги контролсуз кала берет. Акырында сайттардын жана сайттардын баракчаларынын ээлерине туура эмес контент эркин жана мыйзамсыз таратуу мүмкүнчүлүгүн берет.

“Порнографияны таратуу чөйрөсүндө укук бузуучулардын бетин ачууда жана жоюуда дайыма мониторинг жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жок экенин белгилей кетүү зарыл. Ошого байланыштуу бул мыйзам долбоору «порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контент» түшүнүгүнүн аныктамасын сунуштайт, мындай контентти таратууга тыюу салууну белгилейт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктайт”, — деп айтылат маалымкат негиздемеде.

Бул мыйзам долбоорунда белгиленген тыюу салуу Кыргызстандын Конституциясынын 23-беренесинин 2-бөлүгүндө адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгы менен адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн деп мотивацияланган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>