Чүйдө айыл чарба жерин үй куруу үчүн саткан жаран кармалды

Чүйдө айыл чарба жерин үй куруу үчүн саткан жаран кармалды

Чүйдүн Аламүдүн районунда айыл чарба багындагы жерлерди турай жай салуу үчүн сатууга шектүү кармалды.

Облустук милиция маалымдагандай, белгисиз адам «Лалафо» сайтына Кара-Жыгач айылындагы Өскөн-Ордо-2 жаңы конушунда турак жай куруу үчүн жер сатылары тууралуу жарыя чыгарган.

Териштирүү учурунда С.Р. аттуу жаран №26,27 контурда жайгашкан айыл чарба багытындагы 2,3 гектар жерге өз билемдик менен жол салып, электр мамыларын орнотуп, жер тилкелерин бөлүп, 4 сотых жерди 12 миң доллардан сатып жатканын аныкталган.

Бл фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренеси боюнча (Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары кармалган 48 жаштагы С.Р. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Эскерте кетсек, буга чейин милиция тарабынан Кара-Жыгач айылында № 9, 10, 26, 27, 28, 29, 30, 31, 32, 33, 34, 35, 36, 37, 38, 39, 40, 41, 42 контурлардагы айыл чарба багытындагы жерлерди тилкелерге бөлүп, сатуу фактысы аныкталган. Шектүү катары 53 жаштагы К.Т. аттуу жаран кармалып, бир айга камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>