Кош бойлуулук, нике каттоо, тажыя. Депутат кайсы учурда ишке келбей кое алат

Кош бойлуулук, нике каттоо, тажыя. Депутат кайсы учурда ишке келбей кое алат

Жогорку Кеңештин депутаты бир нече учурда гана жыйынга катышпай кое алат. Бул боюнча парламенттин регламентине толуктоо киргизилүүдө.

Парламенттин интернет баракчасына жайгаштырылган долбоордо регламенттин  143 беренесине жүйөөлүү себептердин тизмеси киргизилүүдө.

Алар төмөнкүлөр:

— эмгекке убактылуу жарамсыздык;

— кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү боюнча, баланы асырап алууга байланыштуу өргүү;

— эмгек акысы сакталбаган өргүү (никени каттоо, баланын төрөлүшү, бала багуу, жакын туугандарынын өлүмү учурларындагы үй-бүлөлүк жагдайлар боюнча);

— окуу өргүүсү, иш сапарында болуу, жазуу жүзүндөгү чакыруу боюнча мамлекеттик аземдерге жана расмий кабыл алууларга, конференцияларга, семинарларга жана парламенттин жетекчилигинин уруксаты менен башка иш-чараларга катышуу;

— тиешелүү документтер менен тастыкталган транспорттук тоскоолдуктар;

— төраганын, анын орун басарларынын, тиешелүү фракциялардын лидерлеринин, депутаттык топтордун жетекчилеринин же комитеттердин, комиссиялардын төрагаларынын тапшырмасы;

— сот жыйналыштарына жана тергөө аракеттерине катышуу.

Белгилей кетсек, учурдагы регламент боюнча депутаттын Жогорку Кеңештин жана комитеттердин жыйналыштарына катышуусу боюнча маалымат ай сайын чыгарылат. Анын негизинде комитет жүйөлүү себептерсиз жыйналыштарга катышпаган депутаттардын тизмесин төрагага берет.

Депутатка ишке келбеген ар бир күн үчүн ай сайын төлөмдөрдүн ондон бир бөлүгү кемитилет.

Жыйынга катышпаган депутаттардын тизмесин комитет отурумда жарыялап, андан кийин расмий сайтка жарыялайт.

Бир сессиянын ичинде жүйөлүү себепсиз 10 күн жумуштан калса мандатынан айрылат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>