Муратбек Азымбакиев Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп дайындалдыБишкектеги «Көк-Сай» курулуш базарында чыккан өрт толук өчүрүлдү7-августка карата аба ырайынын божомолуСадыр Жапаров Орусиянын аймактарына өнөр жай жана IT тармагындагы долбоорлорду сунуштадыӨзбекстан Борбордук Азиянын туристтик рыногунда сап башына чыкты — изилдөөТокмокто аялын жана балдарын сабоого шектелген жаран эки айга камалды
Диора Келдиерова жапон спортчусуна жаман сөз жазбоого чакырды
30.07.2024 | 11:45
Париждеги олимп оюндарынын алтын медаль ээси Диора Келдиерова мекендештерин жапониялык атааандашы Абэ Утанын социалдык тармактагы баракчасына жаман сөз жазбоого чакырды.
Ал спорт – бул сый-урмат экенин белгилейт.
“Мен бүгүн Абэ Утанын баракчасына жагымсыз комментарийлер жазылып жатканын билдим. Баарыңыздарды урмат менен мамиле кылууга чакырам. Биз – спортчубуз. Дзюдочулар – биз бир үй-бүлөбүз. Токтотуңуздар!”, – дейт ал.

Диора Келдиерова – Өзбекстанда гана эмес, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен Олимпиадада алтын уткан биринчи аял. Анын жеңишинен кийин өзбекстандыктар Абэ Утанын баракчасын “чабуулга” алышкан.
Жапон спортчусу Абэ Ута беш жылдан бери алгачкы жолу алтынга жетпей калды.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт