ДКӨ-2026: «Кыймылдагы мурас» роликтер сериясы сунушталды. Видео

2026-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгы Кыргыз Республикасынын улуттук спорт түрлөрү аркылуу Оюндардын спорттук программасын ачып берген «Кыймылдагы мурас» атайын роликтер сериясын сунуштады.
«Спорт 2026-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги багыттарынын бири болуп саналат. Спорттук программа дүйнөнүн 90дон ашуун өлкөсүнөн келген спортчулардын башын бириктирип, салттуу спорт түрлөрүн сактоо, өнүктүрүү жана жайылтуу үчүн эл аралык аянтчага айланат», — деп айтылат маалыматта.
Катчылыктын өкүлдөрүнүн айтымында, сериядагы үч ролик кылымдар бою көчмөн элдердин жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп келген жана салттуу спорт түрлөрүндө өзүнүн чагылдырылышын тапкан үч сапатты ачып берет.
«Тактык» — ордо, салттуу жаа атуу жана салбуурун. Бул — негизинде таамайлык, чыдамкайлык жана стратегиялык ой жүгүртүү жаткан чеберчилик.
«Ылдамдык» — тыйын эңмей, көк бөрү, ат чабыш жана эр эңиш. Чабандестин чеберчилигин, чечим кабыл алуу ылдамдыгын жана адам менен жылкынын кылымдарды карыткан байланышын ачып берген ат оюндары.
«Күч» — улуттук күрөш, мас-рестлинг, аркан тартыш жана стронгмен. Бул физикалык күч чыдамкайлык, атаандашты урматтоо жана рухтун күчтүүлүгү менен айкалышкан дисциплиналар», — деп белгилешет уюштуруучулар.
Алар «Кыймылдагы мурас» үч баянды бир бүтүнгө бириктирип, заманбап спортто жашоосун улантып, жаңы муундарга өткөрүлүп берилип жана өткөн, учурдагы, келечектеги мезгилдердин байланышын сактап келе жаткан салттар аркылуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасын көрсөтөрүн баса белгилешти.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (ДКӨ) Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт.
Reporter.kg — ДКӨнүн маалыматтык өнөктөшү.